• Башкы бет
  • Ошто социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди
14:53, 2023-ж., 19-октябрь

Ошто социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди

Ошто социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди

Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, ага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин профсоюзунун Ош аймактык комитетинин төрагасы Бактыбек Пазылов, социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери катышты.

Н.Закиров ардактуу кесип ээлерин майрамдары менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, калктын аярлуу катмарын сапаттуу тейлөөдөгү ак ниет эмгеги үчүн 19-октябрь –Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата бир катар кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты. 

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан социалдык коргоонун отличниги наамы менен төш белги ыйгарылып, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын атынан Ардак грамоталар менен акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Профсоюздар-Ош

Комментарийлер

live comments feed...