• Башкы бет
  • Бийликти басып алууга айыпталган Салия Таштанова үй камагына чыкты
14:48, 2023-ж., 19-октябрь

Бийликти басып алууга айыпталган Салия Таштанова үй камагына чыкты

Бийликти басып алууга  айыпталган Салия Таштанова үй камагына чыкты

Жалал-Абад шаардык сотунун басма сөз кызматы Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну Салия Таштанова 17-октябрда үй камагына чыкканын “Т-Медиага” билдирди. Мындай өтүнүчтү УКМКнын облустагы тергөөчүсү келтирип, сот аны канааттандырган. Ал 4-декабрга чейин үй камагында болот.

т-иСалия Таштанова 6-октябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу” боюнча айып тагылганы кабарланган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Салия Таштанованы кармап кеткени 13-октябрда «Мекендеш Тв» фейсбук барагына жарыяланган. Атайын кызмат бул боюнча азырынча маалымат бере элек. Таштановага Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга чакырык”) менен айып коюлган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Салия Таштанова

Комментарийлер

live comments feed...