• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик чек арасы боюнча 13,98 чакырым жер макулдашылды
14:02, -ж., 19-октябрь

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча 13,98 чакырым жер макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча 13,98 чакырым жер макулдашылды

12-18-октябрь күндөрү Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. 

Жолугушууда жумушчу топ кыргыз-тажик чек арасынын 13,98 чакырымы боюнча макулдашкан. Тараптар эми калган тилкелер боюнча сүйлөшүүнү Кыргызстанда өтө турган жолугушууда улантат.

Буга чейин топографиялык топтор чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын макулдашканы айтылган.

16-октябрда эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов баштаган өкмөттүк делегациялар Тажикстандын Бустон шаарында жолугушкан. Анда топографиялык жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторго чек арага байланыштуу бардык иштерди жандантуу тапшырмасы берилгени айтылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кыргыз-тажик чек арасы

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...