15:03, 2023-ж., 18-октябрь

Эртең күн ачык болот

Эртең күн ачык болот

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 19-октябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +18…+20 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...