• Башкы бет
  • УКМК: Матраимов жана Көлбаев менен байланышта болгон 50гө жакын бажы кызматкери иштен бошотулду
14:50, 2023-ж., 18-октябрь

УКМК: Матраимов жана Көлбаев менен байланышта болгон 50гө жакын бажы кызматкери иштен бошотулду

УКМК: Матраимов жана Көлбаев менен байланышта болгон 50гө жакын бажы кызматкери иштен бошотулду

Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон 50гө жакын бажы кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу 18-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. 

Мекеменин маалыматына караганда, алар «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Көлбаев менен тыгыз байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында кармалган. Жумуштан алынгандар Бажы кызматынын ведомстволук буйруктарды бузган деп айыпталууда. УКМК иштен алынган кызматкерлердин аты-жөнүн ачыктаган жок.

«Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы жана ведомстволордогу абийирсиз кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерин улантууда. Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда», -деп билдирди атайын кызмат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бажы-УКМК

Комментарийлер

live comments feed...