• Башкы бет
  • Ош: “Сулайман-Тоо” милиция бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу башталды
15:17, 2023-ж., 17-октябрь

Ош: “Сулайман-Тоо” милиция бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу башталды

Ош: “Сулайман-Тоо” милиция бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу башталды

«Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын “Сулайман-Тоо” милиция бөлүмүнүн жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салынды.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов, күч түзүмдөрдүн, укук коргоо, көзөмөл органдарынын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты. 

Жалпы аянты 1400 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу административдик имаратты куруу үчүн Ош шаарынын мэриясы тарабынан  18 сотых муниципиалдык жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош-курулуш

Комментарийлер

live comments feed...