• Башкы бет
  • Ошто "Үлүштүк курулуш" долбоору алкагында дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды
15:23, 2023-ж., 16-октябрь

Ошто "Үлүштүк курулуш" долбоору алкагында дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Ошто "Үлүштүк курулуш" долбоору алкагында дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Бүгүн, 16-октябрда Ош шаарында «Үлүштүк курулуш» долбоорунун алкагында 9 кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды. 

Ага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, муниципалдык ипотекалык ишкананын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу жана жергиликтүү тургундар катышты. Долбоорго ылайык, турак-жай 96 батирден турат. 

Үйдүн 1-кабатында соода түйүндөрү, жер төлөсүндө унаа токтоочу жай болот. Короосуна балдар аянтчасы курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт. 

Жаңы турак-жай ички жасалгалары жана туташтырылган коммуникациялары менен толугу менен 2025-жылдын төртүнчү кварталынын аягында пайдаланууга берилет. 

Белгилей кетсек, аталган долбоор шаар тургундарын турак-жай менен камсыздоо максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан үчүнчү ирет ишке ашырылууда. 

Буга чейин, «Үлүштүк курулуш» долбоорунун алкагын эки көп кабаттуу үйдүн курулушу башталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош -ипотека

Комментарийлер

live comments feed...