• Башкы бет
  • Бишкекте Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон чек ара маселсин сүйлөшүштү
15:32, -ж., 13-октябрь

Бишкекте Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон чек ара маселсин сүйлөшүштү

Бишкекте Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон чек ара маселсин сүйлөшүштү

Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында жолугушту.

Эки өлкөнүн президенттери кыргыз-тажик кызматташтыгын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашканы маалым болду.

Ошондой эле алар аймактык жана эл аралык күн тартиби, КМШ МБК жыйыны боюнча пикир алмашты.

Өлкө башчылар ушул жылдын 14-сентябрында Тажикстандын Душанбе шаарында жолугушкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кыргыз-тажик президенттери-чек ара

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...