• Башкы бет
  • КМШ мамлекеттеринин башчыларынын жыйыны башталды
15:22, 2023-ж., 13-октябрь

КМШ мамлекеттеринин башчыларынын жыйыны башталды

КМШ мамлекеттеринин башчыларынын жыйыны башталды

13-октябрда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйыны башталды. Жеринен “Т-Медианын” кабарчысы билдиргендей, алгач жыйынга келген президенттер тар чөйрөдө баарылашып, андан соң кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөр баштаалары маалым болду.

КМШ саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо боюнча чечимдер кабыл алынарын президенттин администрациясынан билдиришкен.

Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүп жаткан бул жолку саммитке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келүүдөн баш тартты. Ал эми жыл башынан бери уюмдан чыгуунун аракетин көрүп жаткан Молдова жыйынга катышпайт.

КМШнын курамына Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет. Аталган жыйынды чагылдыруу үчүн жергиликтүү жана эл аралык 400гө жакын журналисттер келишкен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#КМШ-саммит

Комментарийлер

live comments feed...