• Башкы бет
  • Грек-рим федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кармалды
14:31, 2023-ж., 11-октябрь

Грек-рим федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кармалды

Грек-рим федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти Ахрор Иминов кармалганын билдирди. Мекеменин 11-октябрда тараткан маалыматына караганда, ал Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылап жүргөн деп айыпталууда.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин экинчи бөлүгү (“Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”) беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

“И.А. Х.” жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишине катышкандыгы, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнөн жалпы кассасы үчүн (жалпы пайдадан болжол менен 30%) деп аталган салыкты чогултууга катышкандыгы аныкталды”, -деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен Иминов Бишкек шаардик милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ахрор Иминов

Комментарийлер

live comments feed...