• Башкы бет
  • Израиль жана Палестинадагы кырдаал: 600дөй киши каза болгону айтылууда
15:40, 2023-ж., 9-октябрь

Израиль жана Палестинадагы кырдаал: 600дөй киши каза болгону айтылууда

Израиль жана Палестинадагы кырдаал: 600дөй киши каза болгону айтылууда

Бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары ХАМАСтын Израилге кол салуусунан 600дөй киши каза болуп, эки миңдей адам жараат алганын жазышууда.  Ал эми Палестина бийлиги Газа секторунда 300дөн ашуун адам набыт болгонун билдирди. Бирок алардын канчоо жай тургун жана жоочулар экени белгисиз.

Маалыматка караганда, Израилдин аскердик-саясий кабинети негизги мыйзамдын «40 Алеф» пунктун киргизүүгө добуш берди. Аталган пункт расмий түрдө согуш жарыялоону билдирет.

ХАМАСтын жоочулары аялдар, балдар жана карыларды барымтага алып, Израил кармап турган миңдеген палестиналык туткундарга алмаштырууга аракет кылары кабарланууда.

ХАМАСтын жоочулары бутага алган объектилердин бири Газа сектору менен чектеш тилкеге жакын жердеги Негев чөлүндө өткөн Nova Festival музыкалык фестивалы болду. Ишемби күнү ал жерде израилдик жаштардан 2 миңдей адам чогулган. Чабуул учурунда фестивалдын көптөгөн коноктору өлтүрүлүп, калгандары барымтага алынган жана Газа секторуна жеткирилген. Бириккен Улуттар Уюму жана бир катар мамлекет ХАМАСтын чабуулун айыптаган билдирүү жасашты.

Ишемби күнү эртең менен Израиль Газа секторунан ракеталык чабуулга дуушар болгон. Израиль армиясынын маалымат кызматы үч миңден ашуун ракета атылып, чек ара райондоруна ХАМАСтын согушкерлери кирип барганын билдирди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Израиль-Палестина

Комментарийлер

live comments feed...