• Башкы бет
  • Камчыбек Ташиев кылмыштуу топторго акча берген ишкерлер жазаланарын эскертти
15:38, 2023-ж., 9-октябрь

Камчыбек Ташиев кылмыштуу топторго акча берген ишкерлер жазаланарын эскертти

Камчыбек Ташиев кылмыштуу топторго акча берген ишкерлер жазаланарын эскертти

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бизнесмендерге, чет өлкөлүк инвесторлорго, ресторандардын, базарлардын ээлерине, базарда олтурган жарандарга кайрылуу жасады. Ал ишкерлерди кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө акча берүүнү токтотууга чакырды. Бул тууралуу 9-октябрда атайын кызматтын башчысы «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Кимде ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар. Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлктөрүн тартып алгандары аныкталып жатат. Кимде ким буга чейин жабыркаган болсоңор УКМКга кайрылгыла. Эми баарыңарга эскертебиз: мындан ары крим чөйрөсүнө бергендерди да, крим чөйрөсүмүн деп барып кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазалайбыз. Мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт»,- деп жазды ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Камчыбек Ташиев

Комментарийлер

live comments feed...