15:57, 2023-ж., 5-октябрь

Айрым аймактар жамгыр, кар жаайт

Айрым аймактар жамгыр, кар жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, 6-октябрда түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +17…+22.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жуук өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +20…+22 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...