• Башкы бет
  • Камчыбек Ташиев УКТ менен күрөш уланарын билдирди
15:50, 2023-ж., 5-октябрь

Камчыбек Ташиев УКТ менен күрөш уланарын билдирди

Камчыбек Ташиев УКТ менен күрөш уланарын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшү тууралуу комментрий бергенин кабарлады. Маалыматка караганда, 5-октябрда Токмок шаарында атайын кызматтын капиталдык оңдоодон өткөн жаңы имараты ачылды. Ачылыш аземге катышкан Ташиев уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш уланарын айтып, Көлбаевдин жок кылынышын мисал келтирди.

«Камчыбек Ташиев кызматкерлерди куттуктап, атайын кызматтын өлкөдөгү бардык бөлүмдөрүнө жетиштүү шарт түзүү аракети уланаарын белгиледи. Ошондой эле, коррупцияга каршы күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукту түп тамырынан жок кылуу тапшырмасын күчөтүүнү эскертти. Аны менен катар УКМК төрагаcы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтон ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жана мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу боюнча мыйзамдын негизинде тийиштүү чаралар улантылып жатканын белгиледи. Ошондой эле төрага сөзүн жыйынтыктап жатып мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырманы жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын баса белгиледи», -деп айтылат маалыматта. 

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында жок кылынганын 4-октябрдын кечинде ырастаган. Кармоо операциясы Бишкек шаарындагы Blonder pub эс алуу жайында жүргөн.Кримтөбөлдү кармоо учурунда ал УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбай ок аткан. Натыйжада ага карата ок чыгарылып жок кылынган. Дарыгерлер Көлбаев ошол жерден каза болгонун тастыктаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ташиев-ОПГ

Комментарийлер

live comments feed...