
13:34, -ж., 30-сентябрь
Мелис Аспеков эки айга камакка алынды

Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы, активист Мелис Аспеков эки айга камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-сентябрда кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Аспековду Ички иштер министрлиги 29-сентябрда бийликти күч менен басып алууга даярданган деген шек менен кармаган.
28-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Аспековдун күнөөсү далилденбегени үчүн ага 10 миң доллардан ашык акчасын кайрып бергени тууралуу билдирүүсүн жокко чыгарган.
Эске салсак: Мелис Аспековго «Кыргыз темир жолу» ишканасынын экс-директору Василий Дашковдон 250 миң доллар талап кылган жана алдамчылык кылган деп айып тагылган. Ал жети жылга эркинен ажыратылган. Аспеков жаза мөөнөтүн Молдовановкадагы колонияда өтөгөн. Бирок ал 23-майда бошотулган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:04
-ж., 2-декабрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
live comments feed...
Комментарийлер