• Башкы бет
  • Шаар күнүнө карата Ош шаарына чет элдик ырчылар чакырылган
13:33, 2023-ж., 30-сентябрь

Шаар күнүнө карата Ош шаарына чет элдик ырчылар чакырылган

Шаар күнүнө карата Ош шаарына чет элдик ырчылар чакырылган

Быйыл Ош шаарынын 3023 жылдыгына карата гала-концерт өтөт. Ага чет элден ырчылар чакырылганын «Т-Медиага» Маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов билдирген.

Майрамдык концерт 5-октябрь күнү Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо уюштурулууда. Ага Италиядан IN GRID, АКШдан BAD BOYS BLUE, Орусиядан DJ BAKS жана Өзбекстандан Хамдам Собиров келет. Ал эми кыргыз ырчыларынан JAХ 02.14, Гүлзада Рыскулова катышат.

Кадыркуловдун айтмында, чет элдик ырчылар демөөрчүлөрдүн эсебинен чакырылды. Бирок ал демөөрчүлөрдү ачыктаган жок. Ал эми театралдык көрсөтүүгө шаар казынасынан 180 миң сом бөлүнгөн.

Былтыр шаар күнү Баткен облусундагы кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусуна байланыштуу белгиленген эмес.

Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда белгиленип келет. Ош болжол менен 30 кылым мурун түптөлүп, шаар деген расмий макам 1876-жылы берилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#5-октябрь-Ош шаарынын күнү

Комментарийлер

live comments feed...