• Башкы бет
  • Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын жазды
13:31, 2023-ж., 30-сентябрь

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын жазды

Сунушталып жактан желек

Сунушталып жактан желек

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Ал бул тууралуу 29-сентябрда жазып, анда идеяны колдоого аларлык экенин билдирди. 

«Чындыгында биз 30 жыл башкаларга күн карамадай болуп келдик деп өзүңүздөр деле айтып каласыздар. Эми гана өлкөбүз өнүгүп-өсүү жолуна ишенимдүү багыт алды. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик туусунун бир элементи эле эмес, түп-тамыры менен таанылгыс кылып өзгөртүшкөн өлкөлөр бир топ», -деп жазган ал. 

Мындан сырткары ал тууну  алмаштыруудан трагедия жасоонун кереги жок экендигин белгилеген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Чолпонбек Абыкеев

Комментарийлер

live comments feed...