• Башкы бет
  • Ташкенттеги жарылуудан кийин 163 адам жабыркап, бир адам каза болгон
14:42, 2023-ж., 29-сентябрь

Ташкенттеги жарылуудан кийин 163 адам жабыркап, бир адам каза болгон

Ташкенттеги жарылуудан кийин 163 адам жабыркап, бир адам каза болгон

Ташкент шаарынын башчысынын милдетин аткаруучу Шавкат Умурзаков кампадагы жарылуудан жабыркаган үйлөрдүн саны боюнча алдын ала маалыматтарды жарыялады. Анын айтымында, 26 көп кабаттуу үйдөгү 592 батирдин, сегиз соода жана тейлөө түйүнүнүн, бир мектеп жана эки бала бакчанын фасады, терезе алкактары жана айнектери зыянга учурады. Ошондой эле 24 көп кабаттуу жана 25 жеке үйдүн чатыры талкаланды.

Президенттин тапшырмасы менен вице-премьер-министр Ачылбай Раматов жетектеген өкмөттүк комиссия түзүлдү.

28-сентябрга караган түнү Ташкенттин Сергели районунда  «Интер Логистика» компаниясынын кампасында катуу жарылуу болгон. 163 адам жабыркап, 16 жаштагы өспүрүм жеринде каза болгон. Gazeta.uz басылмасы билдиргендей, жарылуу учурунда терезенин алкагы баланын үстүнө түшкөн.

Өрттөнгөн кампанын жанындагы имараттар, үйлөрдүн терезелери сынып кеткен. Ал катуу болгондуктан күчү 30 чакырымга чейин сезилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ташкенттеги жарылуу

Комментарийлер

live comments feed...