• Башкы бет
  • Ош ШИИБдин ыкчам кызматкери 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Үчөө качып кеткен
14:37, 2023-ж., 29-сентябрь

Ош ШИИБдин ыкчам кызматкери 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Үчөө качып кеткен

Ош ШИИБдин ыкчам кызматкери 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Үчөө качып кеткен

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын төрт ыкчам кызматкери 400 миң сом акчаны опузалап талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматты билдирди.  

УКМКнын маалымына караганда, шектүүлөр Ош облусунун тургунунан зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, 400 миң сом талап кылышкан. Алар Ош шаардык ИИБнин милициянын капитаны, милицинын майору жана капитан, майор чининдеги кызматкерлер болгон. 

Ушул жылдын 25-сентябрында 100 миң сом алып жаткан жеринен ортомчу кармалып, андан соң опер, милициянын майору кармалган. Анын баш коргооо чарасы каралып, эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 

Калган  жогоруда аталган үч  милиция кызматкерлеринин ар биринин бул кылмышка катышуусунун ролу жана даражасы аныкталган. Алар учурда тергөөдөн жашырынып жүргөндүктөн, 28-сентябрда соттун чечими менен аларга карата сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, алар издөөгө алынды.

 Издөөдө жүргөн кызматкерлер жөнүндө маалыматты барлар  УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча нөөмөт бөлүмүнө телефон: 0(3222) 7-32- 32; 4-86-14 аркылуу кайрылса болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош-милиция кармалды

Комментарийлер

live comments feed...