13:17, 2023-ж., 28-сентябрь

Эртең кыргыз-кытай чек арасы жабылат

Эртең кыргыз-кытай чек арасы жабылат

29-сентябрдан 3-октябрга чейин кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт», «Эркечтам» көзөмөл бекеттери жабык болот. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

29-сентябрда Кытайда Күздүн ортосу майрамы жана 1-октябрда Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү белгиленет. Буга байланыштуу 29-сентябрда, андан тышкары 1-октябрдан 3-октябрга чейин чек арадан унааларды, жүргүнчүлөрдү өткөрүү токтотулат.

Чек ара бекеттери 30-сентябрда чектелүү шартта иштейт, ал эми 4-октябрдан тарта кайрадан кадимки тартипте иштөөгө өтөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#кыргыз-кытай чек арасы жабылат

Комментарийлер

live comments feed...