• Башкы бет
  • Президент Эдил Байсалоы менен Алтыньек Максутовго эскертүү берди
13:16, 2023-ж., 28-сентябрь

Президент Эдил Байсалоы менен Алтыньек Максутовго эскертүү берди

Президент Эдил Байсалоы менен Алтыньек Максутовго эскертүү берди

Президент министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго жана  маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек  Максутовго эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн эскертүү берди. Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 27-сентябрда кол койду.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, мындай чечим Сербиядан Кыргызстанга кайтып келген Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлерин тосуп алууну жетиштүү деңгээлде уюштурбагандыгына байланыштуу кабыл алынган. 

Эске салсак, Сербиянын Белград шаарында 16-24-сентябрь күндөрү өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта, Жоламан Шаршенбеков күрөштүн ушул эле түрүнөн 60 килограмм салмак ченинде, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта алтын медаль алды.

Ушул эле мелдеште Айпери Медет кызы 76 килограмм күмүш алып, ал да Олимпиадага лицензия утту. Тайырбек Жумашбек уулу 61 килограмм салмакта эркин күрөштөн коло тагынды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Министрлерге эскертүү

Комментарийлер

live comments feed...