• Башкы бет
  • Селекция: мурдагы аялын мыкаачылык менен кыйнаган жаран 8 жылга соттолду
13:13, 2023-ж., 28-сентябрь

Селекция: мурдагы аялын мыкаачылык менен кыйнаган жаран 8 жылга соттолду

Селекция: мурдагы аялын мыкаачылык менен кыйнаган жаран 8 жылга соттолду

Селекцияда мыкаачылык менен бычакталган аялдын мурдагы күйөөсү  «Зордуктоо» беренеси менен мурда козголгон иши боюнча 8 жылга соттолду. Бул иш боюнча аппеляциялык арыз  27-сентябрда Чүй облустук сотунда каралганын «Т-Медиага» Жогорку Соттон кабарлаган.

Жогорку Соттун маалыматына караганда, айыпталуучуга пробация өкүмүн чыгарган соттун аракетине юридикалык баа берилет.

Маалыматка караганда, биринчи кылмыш иши былтыр 19-октябрда Сокулук райондук сотунда каралып кыскарган. Буга жабырлануучунун тосмо арыз бергени жана сот отурумунда тараптар элдешкени себеп болгон. Экинчи кылмыш иши да райондук сотто каралып, айыпталуучу беш жылга абакка кесилген. Сот шектүүнүн улгайган, көзү азиз апасын карай турган эч кимиси жоктугун, айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосунда эки бала бар экенин эске алып үч жыл пробациялык мөөнөт берген.

Чүй районунун Селекция айылында 36 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычакталганы тууралуу 20-сентябрда белгилүү болгон. Бети-башы жана моюну кескиленген тургун алган жаракаттарынан улам Улуттук госпиталга жаткырылган. Дарыгерлер жабырлануучунун өмүрү үчүн сегиз саатка жакын күрөшкөн.

Кылмышка шектүү катары Селекция айылынын 39 жаштагы тургуну кармалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Денеге оор залал келтирүү») менен кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Селекциядагы мыкаачылык

Комментарийлер

live comments feed...