13:12, 2023-ж., 28-сентябрь

Ташкентте катуу жарылуу болду

Ташкентте катуу жарылуу болду

Ташкент шаарындагы «Курувчилар» кичи районунда жайгашкан «Интер Логистика» компаниясынын кампасында катуу жарылуу болгонун Sputnik Өзбекстан жазып чыкты.  Өрт 28-сентябрга караган түнү орун алган.

Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрликтери иш алып барууда. Басылманын маалыматына караганда, кырсыктан жапа чеккендер бар. Алар ооруканаларга жеткирилип, саны такталууда. Каза болгондор тууралуу так маалымат жок.

Жарылуу болгон кампанын жанындагы имараттар, үйлөрдун терезелери сынып кеткен. Ал катуу болгондуктан күчү 30 чакырымга чейин сезилген. 

Окуя болгон жерде «Тез жардам» кызматы, өрт өчүрүүчү жана куткаруучу 16 бригада, атайын үч техника иштеп жатат. Жергиликтүү ЖМКлар кампада электр автоунаалардын аккумуляторлору сакталганын жазышууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ташкент-өрт

Комментарийлер

live comments feed...