13:10, 2023-ж., 28-сентябрь

Садыр Жапаров Германияга учуп кетти

Садыр Жапаров Германияга учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлин шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.

Мамлекет башчысынын иш сапарынын алкагында Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен жолугушуусуна катышуу, “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуусу да пландаштырылган.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

- Биринчи айым Айгүл Жапарова;

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президентти Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

- Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...