• Башкы бет
  • Ошто мыктылыгын көрсөткөн мугалим менен тарбиячыга унаалар тапшырылды
15:30, 2023-ж., 27-сентябрь

Ошто мыктылыгын көрсөткөн мугалим менен тарбиячыга унаалар тапшырылды

Ошто мыктылыгын көрсөткөн мугалим менен тарбиячыга унаалар тапшырылды

Кечээ, 26-сентябрда Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында “Жылдын мыкты мугалими-2023” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” кароо-сынагынын финалдык бөлүгү болуп өттү.

Аталган кароо-сынактын финалында шаар мектептеринин, бала бакчалардын 6 мугалими жана 6 тарбиячысы мыкты деген наам үчүн ат салышып, презентациялар, окуу процессиндеги оор кырдаалдан чыгуу жолдору жана таланттар сынактары боюнча таймашышты.

Ошто мыктылыгын көрсөткөн мугалим менен тарбиячыга унаалар тапшырылды, фото-1

Иш-чаранын ачылышына жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Аматова жана билим берүү кызматкерлери катышты.

Сынактын жыйынтыгы менен Ош шаары боюнча «Жылдын мыкты мугалими-2023» номинациясында жеңүүчү деп №37 Г.Айтиев мектебинин мугалими Элнура Алекова аталды.

Ошто мыктылыгын көрсөткөн мугалим менен тарбиячыга унаалар тапшырылды, фото-2

Элнура Алекова, "Жылдын мыкты мугалими-2023" сынагынын жеңүүчүсү

Ал эми «Жылдын мыкты тарбиячысы-2023» номинациясында "№35 Асан-Үсөн балдар бакчасынын тарбиячысы Мээрим Тыныбекова жеңүүчү деп табылды. 

Ошто мыктылыгын көрсөткөн мугалим менен тарбиячыга унаалар тапшырылды, фото-3

"Мыкты тарбиячы-2023" сынагынын жеңүүчүсү Мээрим Тыныбекова.

Калган катышуучуларга акчалай сыйлыктар, ыразычылык барактар жана дипломдор ыйгарылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош -мыкты мугалим

Комментарийлер

live comments feed...