• Башкы бет
  • Жери жеке жактарга өтүп кеткен мектептердин тизмеси аныкталды
15:23, 2023-ж., 27-сентябрь

Жери жеке жактарга өтүп кеткен мектептердин тизмеси аныкталды

Жери жеке жактарга өтүп кеткен мектептердин тизмеси аныкталды

Ош шаарындагы 31 мектептин аянты кыскарып, жеке жактарга өтүп кеткен. Мектептерге караштуу аймакка кафе, үйлөр, дүкөндөр курулуп калганын вице-мэр Замир Юсупов «Т-Медиага» билдирди. Ал учурда комиссия түзүлүп, иш жүрүп жатканын айтты.

«Кадастр кызматы 31 мектептин аянттары боюнча иш алып барат. Ал эми Архитектура салынып калган имарттарга воттор берилгенби аныктап, жол картасын түзөт. Андан кийин биз прокуратура менен иш алып барабыз», -деди Юсупов.

Аянты кыскарып кеткен мектептер төмөндөгүлөр:

№ 4 С.М. Киров;

№ 10 В.И. Ленин;

№ 15 М. Курбанов;

№ 40 Королев;

№ 7 Нариман;

№ 24 М. Фрунзе;

№ 12 Н. Крупская;

№ 22 С. Шарипова;

№ 18 А. Навои;

№ 6 С. Макаренко;

№ 8 М. Горкий;

№ 19 Т.Г. Шевченко;

№ 39 70 лет Октября;

№ 47-мектеп;

№ 44-мектеп;

№ 51 Ж. Баласагын;

№ 54-мектеп;

№ 2 К. Маркс;

№ 5 Ж. Бөкөнбаев;

№ 3 В. Ломоносов;

Олимп;

№ 29 М.И. Калинин;

№ 23 И.В. Панфилов;

№ 21 А.С. Пушкин;

№ 20 И. Раззаков;

№ 11 В. Терешкова;

№ 35 Ж. Атабаев;

№ 31 Курманжан Датка;

№ 9 Рудаки;

№ 41 Х. Абдуллаев;

№ 37 Г. Айтиев.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы аталган маселе боюнча 26-сентябрда укук коргоо органдарынын, муниципалдык ишканалардын, юристтердин катышуусунда жыйын өткөнүн билдирди. Анда мектептердин аянтын баштапкы калыбына келтирүү боюнча протоколдук тапшырмалар берилген. Ошондой укук коргоо органдарынан жана мекемелердин юристтеринен турган жумушчу топ түзүлгөн.

«Мектептердин аянтын жеке жактарга соода түйүндөрүн, турак жай жана коомдук жайларды салуу үчүн берүү фактылары 1991-2006-жылдар аралыгында эң көп катталган», -дейт мэрия.

Ош шаарында жалып 91 мектеп бар. Анын 55и мамлекетик калганы жеке менчик мектептер.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош-мектеп жерлери

Комментарийлер

live comments feed...