• Башкы бет
  • Бишкек шаардык сотунун судьясы кармалды
15:20, 2023-ж., 27-сентябрь

Бишкек шаардык сотунун судьясы кармалды

Бишкек шаардык сотунун судьясы кармалды

Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы (И.Н.А.) опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу  27-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, шаардык соттун айрым судьялары оң чечим чыгарып берүү үчүн адвокаттын ортомчулугу менен соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң доллар (443 500 сом) өндүрүп алышканы аныкталган.

«Ошол эле учурда судьяга каражатты берүүнүн алдында жактоочунун жанында мурда даярдалган (адалдоого алынган) каражат болушу керек эле. Алар соттук коллегияга кирген экинчи инстанциянын судьяларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн. Белгилей кетсек, акча алмаштыруунун бул схемасы системалуу мүнөзгө ээ болуп, судьялар менен алдын ала макулдашылып адвокат тарабынан анын кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында ишке ашырылып жүргөн. Бул кылмыштуу амалдын катышуучуларынын планы боюнча, эгерде алар укук коргоо органдары тарабынан кармалса, адвокат туруктуу жана ишенимдүү ортомчу катары, акча каражатын көрсөткөн юридикалык кызматы үчүн акы катары алганын айтмак, ал тууралуу алдын ала ойдон чыгарылган келишим түзүлүп даярдалган», — деп айтылат маалыматта.

Судья Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

УКМК кармалган адамдын аты-жөнүнүн баш тамгалары (И.Н.А.) менен берген. Ал эми Жогорку соттун расмий сайтында Бишкек шаардык судьяларынын тизмесинде Илиязова Назгүл Асанбековна бар. Демек, анын ысымына жана фамилиясына дал келүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бишкек шаардык соту

Комментарийлер

live comments feed...