• Башкы бет
  • Судьялар кеңеши Ленин райондук сотунун судяларын жоопкерчиликке тартууга макулдук берди
15:17, 2023-ж., 27-сентябрь

Судьялар кеңеши Ленин райондук сотунун судяларын жоопкерчиликке тартууга макулдук берди

Судьялар кеңеши Ленин райондук сотунун судяларын жоопкерчиликке тартууга макулдук берди

Судьялар кеңеши Бишкек шаардык жана Ленин райондук сотунун судьяларын жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 27-сентябрда кабарлады. 

Маалыматка караганда сунушту Башкы прокуратура киргизип, аны 26-сентябрда Судьялар кеңеши кезексиз жыйында канааттандырды. Анда Бишкек шаардык сотунун судьясына Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмышка кошо катышуунун түрлөрү», «Опузалап пара алуу» жана «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми Ленин райондук сотунун судьясына «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү», «Опузалап пара алуу» жана «Пара алуу» беренелери менен иш козголгон. Мындан сырткары Судьялар кеңеши президент Садыр Жапаровго жогоруда аталган судьяларды кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунушун киргизди.

Мурдараак Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы жана Ленин райондук сотунун судьялары  опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалганын маалымдаган. Мекеме тараткан маалыматка караганда, шаардык соттун айрым судьялары оң чечим чыгарып берүү үчүн адвокаттын ортомчулугу менен соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң доллар (443 500 сом) өндүрүп алышканы аныкталган.

Судья (И.Н.А.) Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-ноябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камалды.

УКМК кармалган адамдын аты-жөнүнүн баш тамгалары (И.Н.А.) менен берген. Ал эми Жогорку соттун расмий сайтында Бишкек шаардык судьяларынын тизмесинде Илиязова Назгүл Асанбековна бар. Демек, анын ысымына жана фамилиясына дал келүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Судьялар-сот

Комментарийлер

live comments feed...