• Башкы бет
  • Парламентте эркектер менен аялдардын бирдей укуктары тууралуу мыйзам сынга кабылды
15:05, 2023-ж., 27-сентябрь

Парламентте эркектер менен аялдардын бирдей укуктары тууралуу мыйзам сынга кабылды

Парламентте эркектер менен аялдардын бирдей укуктары тууралуу мыйзам сынга кабылды

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, депутаттардын сынына кабылды.

Мыйзам долбоорду Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иштеп чыгып, парламенттин биринчи окуусуна киргизген. Бирок мыйзам бүгүн күн тартибинен алынды. 

Эмгек министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев мыйзамдын максаты бирдей мүмкүнчүлүк түзүү боюнча мамлекеттик кепилдиктердин натыйжалуу тутумун жаратуу үчүн мыйзамдагы боштуктарды жоюу экендигин билдирди. 

Депутаттардын көпчүлүгү мыйзам иштебей тургандыгын айтып, аялдардын укугун коргобой тургандыгын белгиледи. Эл өкүлдөрү бийликте, жетекчилик кызматтарда гендердик тең салмактуулук сакталбай жатканын, аялдарга зордук-зомбулук күчөгөнүн белгилешти. Мындан улам документти кайра иштеп чыгуу керектигин айтышты. 

Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарда гендердик теңсиздик маселеси көптөгөн жылдардан бери актуалдуу болуп келет. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлоо аралаш система менен өткөн жана 90 депутаттын 18и гана (20%ы) аялдар. Бүгүнкү күндө өлкөдө бир да аял мэр, облус башчы же аким жок.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жаңы мыйзам

Комментарийлер

live comments feed...