• Башкы бет
  • Кыргызстан менен Кытай 150 млн долларлык меморандумга кол койду
15:39, 2023-ж., 26-сентябрь

Кыргызстан менен Кытай 150 млн долларлык меморандумга кол койду

Кыргызстан менен Кытай 150 млн долларлык меморандумга кол койду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Пекин шаарында ишкерлер менен жолугушууга катышты. Анда экспортту илгерилетүү, аймактык интеграция жана экономиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Панелдик сессияларга Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын ондон ашуун өкүлү жана кытайлык 80 компаниянын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын жана ишкерлеринин ортосунда 150 млн доллардан ашуун сумманы түзгөн өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумдарга кол коюлду.

Анын ичинде инвестициялар, электрик технологиясы, айыл чарба, өнөр жай тармактарындагы мамлекеттик органдардын кызматташуусу тууралуу меморандум бар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кыргыз-кытай

Комментарийлер

live comments feed...