• Башкы бет
  • "Клооп" медиасынын соту 5-октябрга жылдырылды
15:32, 2023-ж., 26-сентябрь

"Клооп" медиасынын соту 5-октябрга жылдырылды

"Клооп" медиасынын соту 5-октябрга жылдырылды

Бүгүн, 26-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Бишкек шаардык прокуратурасынын «Клооп Медиа» коомдук фондун жабууну талап кылган арызы боюнча баштапкы уктуруу болду. Прокуратура жактоочу тарапка доо арызга тиркелген документтердин көчүрмөсүн бербегени негиз болуп соттук угуу жылдырылды.

Кийинки уктуруу 5-октябрь, саат 09.00гө белгиленди. 

8-сентябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Клооп» басылмасын «Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады» деген макаласын өчүрүүнү талап кылып, өчүрүлбөгөн учурда сайтты бөгөттөрүн билдирген. Министрлик макалада «жалган маалымат» бар экенин айтып, арызды УКМК бергенин маалымдаган. 

Кыргызстандын медиа жана жарандык коому Бишкек шаарынын прокуратурасынын «Клооп» басылмасын жабуу боюнча билдирүү таратып, басылма уюмдун уставдарына дал келбеген ишмердүүлүктү алып барууда деген дооматтары негизсиз экенин белгиленген.

Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна «Клооп» басылмасын жабуу боюнча арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон. Шаар прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда «Клооп» басылмасы «азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары» жазылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Клооп кж

Комментарийлер

live comments feed...