• Башкы бет
  • Б.Төрөбаев: набайканадар нандын баасын төмөндөтпөсө чара көрүлөт
15:30, 2023-ж., 26-сентябрь

Б.Төрөбаев: набайканадар нандын баасын төмөндөтпөсө чара көрүлөт

Б.Төрөбаев: набайканадар нандын баасын төмөндөтпөсө чара көрүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бүгүн, 26-сентябрда нан чыгарган ишканаларга, набайканалардын ээлерине бааны төмөндөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Анын билдирүүсү «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Төрөбаев баа түшпөсө мамлекет нандын баасын калк үчүн жеткиликтүү кылуу максатында чараларды киргизүүгө мажбур болорун эскертти. 

«Казакстандын унуна болгон баанын көтөрүлгөнүнөн пайдаланып, нан чыгарган ишканалар, набайканалар бааны 5 сомдон 7 сомго чейин көтөрүп алышты. Мамлекет үчүн негизги керектелүүчү азык-түлүктөргө болгон бааларды өлкөбүздүн бардык жарандары үчүн жеткиликтүү кармоо аябай маанилүү. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого байланышкан бул маанилүү маселеде бизди түшүнгөнүңүздөр жана кызматташканыңыздар үчүн алдын ала ыраазычылык билдиребиз«,-деп жазган ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бакыт Төрөбаев

Комментарийлер

live comments feed...