• Башкы бет
  • Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын таңкыстыгы жок,- Монополияны жөнгө салуу кызматы
14:15, 2023-ж., 25-сентябрь

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын таңкыстыгы жок,- Монополияны жөнгө салуу кызматы

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын таңкыстыгы жок,- Монополияны жөнгө салуу кызматы

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын таңкыстыгы жок. Бул тууралуу Монополияны жөнгө салуу боюнча кызматты билдирди. 

Маалыматка караганда, Орусияда чектөөлөр киргизилгенден бери күйүүчү майдын баасы төмөндөгөн. Санкт-Петербург эл аралык товардык биржасынын маалыматында, 21-сентябрда бензиндин баасы 5,7%, ал эми дизель майы 2,15% арзандаган. Бирок Монополия кызматы Кыргызстанда канча сомго арзандаганын жазган эмес.

Буга чейин, 21-сентябрдан тарта Орусия бензин жана дизель майын экспорттоого тыюу салган. Мындай чара ички рынокту турукташтыруу үчүн киргизилген.

Чектөө ЕАЭБ мамлекеттерине анын ичинде Кыргызстанга тиешелүү эмес.

Быйылкы жылга 460 миң тонна бензин жана 485 миң тонна дизель каралган. Кыргызстан күйүүчү майдын басымдуу бөлүгүн Орусиядан ташып келет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Күйүүчү-майлоочу майлар

Комментарийлер

live comments feed...