• Башкы бет
  • Кубанычбек Самаковго мандат тапшырылды
14:09, 2023-ж., 25-сентябрь

Кубанычбек Самаковго мандат тапшырылды

Кубанычбек Самаковго мандат тапшырылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Бишкектеги Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган Кубанычбек Самаковго мандат тапшырылды.

Аталган округда шайлоо 10-сентябрда өтүп, анда жыйырма төрт талапкердин ичинен Кубанычбек Самаков 5273 добуш менен уткан. Жалпысынан Боршайкомго шайлоонун  жүрүшүндө 32 мыйзам бузуулар тууралуу маалымат түшкөн. Бардык арыз, даттануулар каралып, мыйзамдарга  ылайык жазуу жүзүндөгү жооптор берилген.

Эске салсак: Ленин округунда кайра шайлоо Жаныбек Абиров депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыргандан кийин жарыяланган. Ал мандатын Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышып, күзөтчүлөрдүн бирин сабап салгандан кийин тапшырган.

28-майда кайра шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында талапкер Дамира Ниязалиева биринчи орунду ээлеген. Добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши ачылып, талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган. Анын негизинде шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кубанычбек Самаков

Комментарийлер

live comments feed...