• Башкы бет
  • Сокулукта адам өлтүрүүгө шектүү эки адам изделип жатат
16:33, -ж., 23-сентябрь

Сокулукта адам өлтүрүүгө шектүү эки адам изделип жатат

Сокулукта адам өлтүрүүгө шектүү эки адам изделип жатат

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында адам өлтүрүүгө шектүү эки адамга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдиргенин «Азаттык» сайты жазды.

Айта кетсек, кечээ Жаңы-Жер айылында болгон жапырт мушташта атылган октон 69 жаштагы А.А. аттуу бир жаран каза таап, 37 жаштагы Г.М. ооруканага түшкөн.

Сокулук милициясы бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен иш козгогон.

Маалыматка караганда, 21-сентябрда спорт залдан балдар мушташа кеткен. Эртеси 22-сентябрда алардын ата-энелери чатакташып, уруш жапырт мушташка айланып кеткен.

Ок атууга шектелип, 1982-жылы туулган жана 1979-жылы туулган эки адам изделип жатканы кабарланды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Сокулук-ок атуу

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...