
16:27, -ж., 23-сентябрь
Гранттык орунга студенттерден акча алууга шектелген жаран камалды

Кытай Эл Республикасындагы гранттык орундарга окууга кабыл алуу үчүн, студенттерден 900 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алуу боюнча уюштурулган коррупциялык схема аныкталган. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда мындай схеманы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин факультеттеринин жетекчилери уюштурган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында пара талап кылгандыгы үчүн «И.Б.М.» жана «А.С.Х.» аттуу жарандар кармалып, өз кезегинде «Б.Р.С.» аттуу жаран КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:04
-ж., 2-декабрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
live comments feed...
Комментарийлер