• Башкы бет
  • Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды
16:23, -ж., 23-сентябрь

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды

Башкы прокуратура Тергөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы Рустам Абдрасулов кармалганын ырастады.

Маалыматка караганда, 21-сентябрда кылмыш иштер боюнча келтирилген зыяндын эсебине түшкөн каражатты инвентаризациялоодо Рустам Абдрасуловдо көп суммада акча жетпей калганы аныкталган. Ошол эле күнү Аскер прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп Рустам Абдрасулов кармалган.

Башкы прокуратура ал акчаны кайра толугу менен кайтарганын, каражат жеке адамга таандык болгонун, мамлекетке зыян келтирилбегенин кошумчалады. Тергөө иштери уланып жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда Рустам Абдурасуловго бир нече миң долларлык ишенип тапшырылган мүлктү жок кылган деген айыл коюлган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Башкы прокуратура

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...