• Башкы бет
  • Ошто таштандыларды ылгоолочу төртүнчү аянтча ишке кирди
14:57, 2023-ж., 21-сентябрь

Ошто таштандыларды ылгоолочу төртүнчү аянтча ишке кирди

Ошто таштандыларды ылгоолочу төртүнчү аянтча ишке кирди

 “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы Алай көчөсүндө жалпы аянты 105 кв. метрди түзгөн, тиричилик таштандыларын ылголоочу төртүнчү аянтчаны ишке киргизди. 

Долбоор менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринде таанышып чыгып, анын шаардагы экологиялык абалды жакшыртуудагы маанилүүлүгүн белгилеп, долбоорду улантууну тапшырды. 

Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында ар бир аянтчадан мурункуга караганда, сегиз эсе аз таштанды чыгарылган. Мындай аянтчалар шаардын бардык аймагында курулат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...