• Башкы бет
  • Беш жыл бою тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалат
14:54, 2023-ж., 21-сентябрь

Беш жыл бою тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалат

Беш жыл бою тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалат

«2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду.

Ага ылайык, экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоого байланышкан аракеттер көрүлөт.

Беш жылда иш-аракеттерди өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бул үчүн атайын өкүл болуп, Нурлан Айтмурзаев дайындалды.

Тышкы иштер министрлиги тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча жол картасынын долбоорун иштеп чыгып, Министрлер кабинетинин бекитүүсүнө киргизет.

Кыргызстанда 2022-жыл «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыяланган.

Кыргызстандын демилгеси боюнча 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын бир добуштан колдошкон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Тоолуу аймактар

Комментарийлер

live comments feed...