
14:53, -ж., 21-сентябрь
Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, 22-сентябрга караган түнү Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй өрөөнүндө жаан катуу жаайт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурларда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +12…+17,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +17…+22,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +9…+14,
Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14.
Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +15…+17.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:04
-ж., 2-декабрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
live comments feed...
Комментарийлер