• Башкы бет
  • Түркиядагы тик учактын кырсыгынан кийин каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү алып келди
13:53, 2023-ж., 20-сентябрь

Түркиядагы тик учактын кырсыгынан кийин каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү алып келди

Түркиядагы тик учактын кырсыгынан кийин каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү алып келди

Түркияда тик учактын кулагандан кийин мерт кеткен кыргызстандык жарандардын сөөгү мекенине жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 20-сентябрда кабарлады.

Министрлик Кыргызстандын Түркиядагы мекемелери менен бирге Измир провинциясынын Мендерес аймагында тик учактын кулашынан каза болгон Кыргызстандын жарандарынын сөөктөрүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыккан.

Кырсык 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө катталган. Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматына караганда, тик учактын ичинде төрт экипаж болсо, алардын үчөө Кыргызстандын жараны болгон.

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун билдирүүсүнө караганда, учурда бир кыргыз жараны ооруканада.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Түркия- тик учак кырсыгы

Комментарийлер

live comments feed...