• Башкы бет
  • Адахан Мадумаров боюнча парламентте комиссия түзүлбөй калды
13:44, 2023-ж., 20-сентябрь

Адахан Мадумаров боюнча парламентте комиссия түзүлбөй калды

Адахан Мадумаров боюнча парламентте комиссия түзүлбөй калды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 20-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун камакка алынышынын жана ага коюлган айыптын мыйзамдуулугун териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлбөй калды.

Депутат Гуля Кожокулованын сунушу менен Мадумаровдун иши биринчи каралды. Бирок комиссиянын түзүү жана курамын бекитүүгө 40ы «макул», 11и «каршы» добуш берди. Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев комиссия түзүү үчүн 46 добуш керек экенин айтып, сунуш өтпөй калганын билдирди.

Депутаттык комиссияга «Альянс» фракциясынан Жанарбек Акаев, «Ишеним» фракциясынан Айсаракан Абдибаева, «Ыйман Нурунан» Султанбай Айжигитов, «Ынтымак» фракциясынан Шарапаткан Мажитова, «Элдик» тобунан Жалолидин Нурбаев, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Гуля Кожокулова жана бир мандаттуу округдан шайланган депутат Дастан Бекешев сунушталган.

Парламенттин 14-сентябрдагы жыйынында да Адахан Мадумаровдун иши боюнча комиссия түзүү каралбай калган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жогорку Кеңеш

Комментарийлер

live comments feed...