• Башкы бет
  • Айыл чарба министрлиги унду экспортоого убактылуу тыюу салынуу сунуштады
13:41, -ж., 20-сентябрь

Айыл чарба министрлиги унду экспортоого убактылуу тыюу салынуу сунуштады

Айыл чарба министрлиги унду экспортоого убактылуу тыюу салынуу сунуштады

Айыл чарба министрлиги ун, буудай жана меслинди убактылуу экспорттого тыюу салууну сунуштап жатат. Токтом долбоору 19-сентябрда коомдук талкууга чыкты. Документте мындай чектөө өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында киргизилип жатканы жазылган. 

Кечээ, 19-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тийиштүү мамлекеттик органдардын жана ун, мунай ташуучулар ассоциацияларынын өкүлдөрү менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөргөн. Анда өлкөдө буудай тартыштыгы жок экени, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айтылган.

19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан. Депутат Жусупбек Коргонбай уулу өкмөттү чара көрүүгө чакырган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Унду экспортоо

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...