• Башкы бет
  • "Ундун баасы 1000 сомго кымбаттады": Казакстандын ун экспорту кыскарды
14:37, -ж., 19-сентябрь

"Ундун баасы 1000 сомго кымбаттады": Казакстандын ун экспорту кыскарды

"Ундун баасы 1000 сомго кымбаттады": Казакстандын ун экспорту кыскарды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 19-сентябрдагы жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу базарларда ундун, нандын кымбаттап кеткенин айтты. Ал тиешелүү органдарды чара көрүүгө чакырды. 

«Ун миң сомго кымбаттап кетиптир, эмнеге карабайсыңар? Гербден дагы, желектен дагы зарыл ун маселеси болуп жатат көчөдө. Базарларга чыгып ун кымбаттаткандар менен иштебейсиңерби? Эмне үчүн ундар Өзбекстанга чыгып кетип жатат?» 

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев Казакстандан келген ундун көлөмү кыскарып, ошондон улам баа өскөнүн билдирди. 

«Ун саткан казакстандык ишкерлер кыргыз тарапка учурда жөнөтпөй жатат.  Бул боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Биз кечээ Экономика министрлиги менен иштеп, өкмөткө сунуштарды бердик»,-деди ал.

Социалдык тармактарда базарларда 1500 -2000 сомдон сатылып жаткан ун миң сомго чейин кымбаттаганы  айтылып жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ун

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...