• Башкы бет
  • "Түштүк Экспо - 2023" көргөзмө- жарманкеси башталды
13:42, -ж., 18-сентябрь

"Түштүк Экспо - 2023" көргөзмө- жарманкеси башталды

"Түштүк Экспо - 2023" көргөзмө- жарманкеси башталды

Бүгүн, 18-сентябрда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү” белгиленип, VII Эл аралык “Түштүк ЭКСПО-2023” көргөзмө-жарманкесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Соода өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, Өзбекстан Республикасынын Соода өнөр жай палатасынын, Беларусь, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Орусия, Кытай, Иран, Оман, Германия мамлекеттеринин бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү катышты. 

Аталган көргөзмө-жарманкеде айыл чарба, тамак-аш азыктары, кеңсе буюмдары, техника, курулуш, кийим-кече өндүрүшү, үй-тиричилик, туристтик жана кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, шаардагы жогорку окуу жайлардын жаңы мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлгөн. 

Иш-чара үч күнгө созулат. Анын алкагында «Аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк» аталышында бизнес-форумду өткөрүү болжолдонууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Түшүтүк Экспо-2023

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...