• Башкы бет
  • Жаштар «Баарыбыз коррупцияга каршыбыз!» социалдык жарнамалардын эл аралык сынагына катышууга чакырылат
14:29, 2023-ж., 15-сентябрь

Жаштар «Баарыбыз коррупцияга каршыбыз!» социалдык жарнамалардын эл аралык сынагына катышууга чакырылат

Жаштар «Баарыбыз коррупцияга каршыбыз!» социалдык жарнамалардын эл аралык сынагына катышууга чакырылат

Ош шаарынын прокуратурасы билдиргендей, сынакты өткөрүү чечимин КМШ өлкөлөрүнүн тармактык кызматташуу органы – Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттер аралык кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган сынак Армения, Беларусь жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Казакстан Республикасының мамлекеттик кызмат иштери жана коррупция менен күрөшүү агенттиги, Тажикстан Республикасынын Каржылык көзөмөл жана коррупция менен күрөшүү мамлекеттик агентти менен биргеликте уюштурулууда.

Ага, “Мыкты плакат” жана “Мыкты видео” эки номинация боюнча 14 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары (жеке жактар же чыгармачыл топтор) катыша алат. Видеоматериалдар (плакаттар жана видеороликтер) www.anticorruption.life сайты аркылуу расмий (орус) тилде кабыл алынат. Сынактын өткөрүү эрежелери сайтта жайгаштырылган. 

Уюштуруучулар сынактык чыгармалар коомдогу жаштардын коррупцияга каршы күрөшүү механизмдерин, бул багыттагы эл аралык кызматташтыктын ордун жана маанилүүлүгүн чагылдырат деген ишеничте.

Эл аралык сынак эки этапта өтөт. Жарым финал ар бир өлкөдө өзүнчө 1-октябрда өтөт. Чыгармалар атайын комиссия тарабынан бааланат. Биринчи орунга ээ болгон чыгармалар экинчи этапка – финалга өтөт.

Жыйынтыгы октябрь жана ноябрь айларында чыгарылат. Жеңүүчүлөр ар бир номинация боюнча эл аралык калыстар тобу тарабынан аныкталат. Сыйлыктарды тапшыруу аземин 9-декабрь, Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Орусиянын Москва шаарында өткөрүү пландалууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#сынак-прокуратура

Комментарийлер

live comments feed...