14:22, 2023-ж., 15-сентябрь

Айрым жерлерде жаан жаайт

Айрым жерлерде жаан жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, 16-сентябрга караган түү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Таластын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.

Бишкек түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +22…+24 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...