• Башкы бет
  • Ливиядагы селдин кесепетинен курман болгондор 18 миңден ашышы мүмкүн
14:20, 2023-ж., 15-сентябрь

Ливиядагы селдин кесепетинен курман болгондор 18 миңден ашышы мүмкүн

Ливиядагы селдин кесепетинен курман болгондор 18 миңден ашышы мүмкүн

Ливияда селде курман болгондордун саны 18-20 миңге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Дерна шаарынын мэри Абдулменам ал Гайти билдирди.

Калаа башчысы мындай божомолду сел жууп кеткен жерлердин масштабына салыштырып айтканын Reuters агенттиги 14-сентябрда жазды. Ал эми AP агенттиги Ливия өкмөтүнө таянуу менен 5500 адамдын өлүмү тастыкталганын, дагы 9000 чамалуу киши дайынсыз экенин билдирди.

7-сентябрда башталган нөшөр, ага кошумча 10-сентябрга караган түнү Жер Ортолук деңизи тараптан каптаган «Дэниел» бороонунан Ливиянын чыгышы өзгөчө жабыркады. Күбөлөрдүн белгилешинче, суунун агымы эки дамбаны бузуп кеткен. Табият кырсыгы 125 миң калкы бар Дерна шаарынын төрттөн бир бөлүгүн жарактан чыгарды.

Египет, Алжир, Палестина, Түркия, Кувейт, Катар, Италия жана АКШ Ливияга материалдык-каржылык жардам көрсөтүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ливия-сел

Комментарийлер

live comments feed...