• Башкы бет
  • Баткен: кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта каза болгондорго арналып эстелик ачылды
14:16, -ж., 15-сентябрь

Баткен: кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта каза болгондорго арналып эстелик ачылды

Баткен: кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта каза болгондорго арналып эстелик ачылды

Бүгүн, 15-сентябрда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгондордун элесине арналып эстелик ачылды. Ага 2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында чек ара жаңжалында каза болгон 111 адамдын ысымдары жазылды.

Эстеликке 2021-жылдагы каргашада минометтун огунан каза тапкан 12 жаштагы Мадина Рахматжан кызынын элеси түшүрүлгөн.

Курман болгондорду эскерүү иш-чарасына каза болгон жоокерлердин ата-энелери, жакындары чакырылган. Ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек аранын айынан утур-утур жаңжал чыгып келген. 2021-жылы 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган. Ушул кагылышта атышуу учурунда 12 жаштагы Мадина Рахматжанова окко учкан. Күбөлөрдүн айтымында, тажик аскерлери Интернационал айылына ок жаадырып жаткан маалда Мадина апасы Наргүл, сиңдиси Нурдиана менен эле. Алар коопсуз жай издеп, көчөдө качып бараткан.

Былтыр 14-16-17-сентябрда Тажикстандын кол салуусунан 63 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алган. Мындан улам 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка көчүрүлгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Баткен-чек ара

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...