• Башкы бет
  • Эгемендик майрамын Баткенде белгилөө сунушталды
14:44, 2023-ж., 14-сентябрь

Эгемендик майрамын Баткенде белгилөө сунушталды

Эгемендик майрамын Баткенде белгилөө сунушталды

Кыргызстандын эгемендик алган күнүн майрамдоо иш-чарасын келерки жылы Баткенде өткөрүү сунушталды. Мындай сунушту парламенттин 14-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов айтты.

Ал Кыргызстандын экономикасын, социалдык, маданий, руханий дүйнөсүн көтөрүүгө чоң эмгек киргизген инсандардын бири Абдыкадыр Орозбеков экенин белгилеп, эгемендик майрамында анын эмгегин даңазалоого чакырды.

Быйыл Кыргызстандын эгемендик майрамы Ош шаарында белгиленди.

Бүгүн, 14-сентябрда парламентте белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу жыйындарынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына карата мааракелик иш-чара өттү.

Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы, депутаттары, бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле Абдыганы Эркебаевдин замандаштары катышты.

Абдыкадыр Орозбеков Баткен облусундагы Кадамжай районунун Охна кыштагында туулган. Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкөн, жарандык согуш мезгилинде катардагы жоокерден отряд командирине жана саясий жетекчиге чейин көтөрүлгөн.

1920-1923-ж айылдын, болуштун, райондун революциячыл комитеттерин башкарган.

1924-1925-жылдары Ош округдук эмгекчилер советинин жер бөлүмүнүн башчысы, катчысы болгон. Тоолуу Кара Кыргыз областынын жумушчу, дыйкан жана солдат депутаттар советинин уюштуруу съездине делегат болуп, анда Тоолуу Кара Кыргыз областтык Аткаруу Комитетинин төрагалыгына шайланган.

1925-жылдын 31-мартында Кара Кыргыз автоном облусунун биринчи уюштуруу курултайында Кара Кыргыз автоном облусунун Төрагалыгына депутаттар тарабынан шайланган. Ошентип, бүгүнкү эгемен Кыргыз мамлекетинин биринчи Президенти Абдыкадыр Орозбеков болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Эгемендик-Баткен

Комментарийлер

live comments feed...